Түркияга жумушка чакырабыз деп илинген "Ош" базарындагы көрнөк-жарнактарга ишенбеш керек. Мындай пикирин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Түркияга барып эле байып кетем деген ой туура эмес.
"Түркияга келип иштейм дегендер түрк тилин билбесе келбей эле коюшу керек. "Эжемдин досу чакырды эле, байкемдин таанышы иш таап коюптур" деп келгендер тескерисинче карызга батып кетип жатат. Түркияга жумушка чакырабыз деп илинген "Ош" базарындагы көрнөк-жарнактарга ишенбеш керек. Чындап эле жумуш тапкысы келген адам миграция кызматына барып, жардам сурасын. Азыр интернеттин заманы эмеспи. Кайсы компания менен келе турган болсо, алгач ал боюнча маалымат алып алсын. Түркияда акча агып жаткан жок. Барсак эле байып кетебиз деп ойлоо жаңылыштык", — деди Жунусов.
Элчи мындан сырткары, учурда Түркияда төрт кыргызстандык абакта отурганын кошумчалады.