Бишкекте сегиз айлык боюнда бар аялга аборт жасаган акушер кармалды

Бала сатуу фактысы боюнча дагы үч кылмыш иши козголгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкекте ымыркай сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аборт жасаган деп шектелип акушер кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын коррупцияга бөгөт коюу, социалдык сферадагы мыйзамдардын аткарылышын жана балдарды коргоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Нуржан Талантбек уулу билдирди. 

Прокурор Нуржан Талантбек уулу

Мигрант тагдыры. Энесине 10 айдан кийин кайтарылган ымыркай
Маалыматка караганда, медик 32-33 жумалык, тагыраагы сегиз айлык боюнда бар аялга аборт жасаган. Мындан улам КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 116-беренеси (Мыйзамсыз бойдон түшүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Ошондой эле бала сатуу фактысы боюнча дагы үч кылмыш иши козголгон. Анын алкагында беш адамга баш коргоо чарасы тандалып, үчөө СИЗОго киргизилсе, экөө үй камагына чыгарылган.

"Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн бул адамдар кайсы мекемеде иштегени айтылбайт. Бирок иш иликтенип бүтөөрү менен бардык маалымат коомчулукка жарыяланат", — деди Талантбек уулу.

Буга чейин ИИМдин Криминалдык милициясы бала сатууга шектелген гинекологдорду кийин кармалгандардын биринин унаасынын багажынан бойдон алынган ымыркайлардын сөөктөрү табылган.