Apple телефондору оңдотууга кеткен акча жагынан рекорд койду

Буга чейинки рекорд iPhone X гаджетине таандык болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Apple компаниясынын жаңы чыгарган iPhone XS Max үлгүсүндөгү смартфону оңдотууга кеткен каражаттын баасы боюнча рекорд койду. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейинки рекорд ушул эле компаниянын iPhone X гаджетине таандык болчу. Анын экраны 279 долларга бааланса, толук оңдоодон өткөрүү 549 долларга айланган.

Apple компаниясы iPhone 8дин кандай кемчилиги бар экенин айтты
Эми iPhone XS Max телефонун колдонгондор экранын оңдотуу үчүн чөнтөгүнө 329 доллар салып келиши керек. Жарактан чыгып калса 599 доллар менен калыбына келтирүүгө болору айтылат. Ал эми смартфондун жаңысын сатып алам десеңиз бери жагы 1099 доллардан башталат.

Америкалык Apple корпорациясы шаршемби күнү iPhone Xs, iPhone Xs Max жана iPhone Xr үлгүсүндөгү жаңы смартфондорду тартуулаган. Гаджеттер кара, ак жана алтын түсүндө чыгарылмакчы. Маалымат сактоочу системасы да 64, 256 жана 512 гигабайт болуп үчкө бөлүнөт.