Акжол Махмудов Словакиядагы дүйнө чемпионатынан коло медаль утту

Буга чейин кыргызстандык Эрбол Бакиров 63 килограмм салмак категориясында күрөшүп алтын тагынган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Словакиянын Трнава шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов коло байгеге ээ болду. 

Сүйүнчү! Кыргызстандык балбан Эрбол Бакиров дүйнө чемпиону болду
Кыргызстандык балбан 77 килограмм салмак категориясында күчүн сынап, чейрек финалдагы кармашта россиялык Ислам Опиевге 1:1 эсеби менен (эрежеге ылайык акыркы упайды атаандашы алганы үчүн — ред.) утулуп калган. Бирок ал финалга чыккандыктан Махмудовго үчүнчү орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул беттеште америкалык Амир Камал Бейди 8:1 эсеби менен жеңип алды. 

Махмудов алгачкы айлампадагы кармаштарда Иран жана Белоруссиядан барган балбандарды ири эсеп менен жеңип жер караткан. 

Белгилей кетсек, ушул эле дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Эрбол Бакиров 63 килограмм салмак категориясында күрөшүп алтын тагынды.