Акыйкатчылыкка фракциялар беш талапкерди сунуштады

Жыйындын катышуучулары бардык талапкерлерди колдоп, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын кароосуна жөнөтүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти комитетинин жыйынында ЖК фракциялары тарабынан Акыйкатчы кызматына сунушталган талапкерлер каралды.

Жалпысынан алганда Акыйкатчылыкка беш киши сунушталууда.

Өкмөттүн жаңы түзүмү парламентке эки айдын ичинде тааныштырылат
"Бир бол" фракциясы Рита Карасартованын, Рыскул Бактыбаевдин, Маматурайим Момуновдун талапкерлигин сунуштады.

Ал эми КСДП фракциясы Токон Мамытовду көрсөтсө, "Ата-Мекен" фракциясы Канатбек Азиздин талапкерлигин сунуштады.

Жыйындын катышуучулары бардык талапкерлерди колдоп, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын кароосуна жөнөтүлдү.

Эске салсак, мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев июнь айынын аягында кызматтан кеткен болчу.