Абылгазиев мэрияга жер тилкесин белек кылган жаранга саат тапшырды

Мэрия жерди сатып алабыз дегенине карабай, шаар тургуну бекер берген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаар бийлигине жол куруу үчүн жер тилкесин берген Ырысбек Атажановго саат тапшырды. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин ЖМКлар Лев Толстой көчөсүнүн узартыла турган Садыгалиев көчөсүндөгү бөлүгүндө анын 11 сотых жери бар экендигин жазып чыккан. Калаа бийлиги ал жерди сатып алуу ниетинде жаранга кайрылган. Бирок шаар тургуну өзүнүн патриот экендигин жана бийликтин планына бут тоспой тургандыгын айтып жерин белекке берген.

"Сиздин чын дилиңизден кылган бул ишиңиз көпчүлүк мекендештер үчүн үлгү боло алат. Бизде сиздей адамдар бар экендигине сыймыктанам. Так ушундай адамдар элдин уюткусу болуп, бардыгыбызды жаратмандыкка үндөйт", — деди премьер-министр.

Өкмөт башчы Ырысбек Атажановго Бишкектин жана шаар жолдорунун инфраструктурасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.