Жээнбеков Кыргызстандагы бизнес чет жакка "качып" жатканын айтты

Президент ишкерлерди ыгы жок текшерген аткаминерлерди зекиди.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ишкерлер менен жолугуп, Кыргызстандагы бизнес чет жакка "качып" жатканын айтты.

Анын айтымында, учурда ишкердик кылууга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн чара көрүлүп жатат.

"Ошентсе да укук коргоо органдарынын ишине бир катар суроолор бар. Айрым мамлекеттик органдар шарт түзгөндүн ордуна кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Биздин арабызда мамлекеттик саясатты түшүнбөгөндөр да бар. Ишкерлердин текшерүү органдарынан тажаганы боюнча маалыматтар мага такай жетип турат. Андыктан алар бизнесин чет жакта ачып жатат", — деди Жээнбеков.

Президент өз сөзүндө өлкөдөгү бизнес-климатты жакшыртуу үчүн ишкерлерден сунуш күтө турганын кошумчалады.