Бизнес-альянстын жетекчиси президентке арыз-муңун айтты

Президентке кайрылган альянстын жетекчиси ара жолдо калган бизнесмендин көйгөйүн көтөрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстандын бизнес чөйрөсүндө адилеттүүлүк жок. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков менен "Ала-Арча" резиденциясынан жолугушкан Бизнес-ассоциацияларынын улуттук альянсынын жетекчиси Сталбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, үч жыл мурда бир ишкер ишкана ачуу максатында 1,5 миллион долларга имарат сатып алган. Бирок кийинчерээк аны мамлекеттик орган алып койгон.

"Ошондон бери ал же имараттан же акчасынан жок жүрөт. Анткени бизнес чөйрөсүндө адилеттүүлүк жок. Сизден башка кимге кайрыларыбызды билбейбиз. Анткени биз сизди шайлаганбыз", — деди Акматов.

Мындан тышкары, ал жабыркаган ишкер бир нече жолу президенттин аппаратына кайрылып, бирок жооп ала албай жатканын кошумчалады.

Жээнбеков анын кайрылуусун өз көзөмөлүнө аларын билдирди.

Эске салсак, ушул тапта өлкө башчы бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп жатат.