БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Рязанск облусундагы жол кырсыктан 1967-жылкы кыргызстандык аял каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Окуя кечээ, 16-сентябрда М-5 трассасынын 198-чакырымында болгон. Айдоочу менен алты жүргүнчү түрдүү жаракаттарды алган.
"Рязанск облусунун клиникалык ооруканасында Кыргызстандын үч жараны жатат. Абалдары туруктуу. Калган жүргүнчүлөргө биринчи жардам көрсөтүлүп, ошол эле күнү Москвага жеткирилген. Алар тууралуу маалымат такталууда", — деп айтылат маалыматта.
Учурда каза болгон аялдын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн документтер даярдалып жатат.