Пресс-борбор

Кыргызстандагы "Таза жаша" экологиялык ири акциясынын жыйынтыгы

Урматтуу кесиптештер!
Sputnik

Сиздерди "Кыргызстандагы "Таза жаша" экологиялык ири акциясынын жыйынтыгы" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Иш-чара 18-сентябрь күнү 10.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

15-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү белгиленген.

Бул экологиялык акция Кыргызстанда "Таза жаша" деп аталып калды. Демилгени өлкө башчы, Бишкек шаарынын мэри жана көптөгөн кыргызстандыктар колдоду.

Катышуучулар акциянын жыйынтыгын чыгаруу менен бирге эстрада жылдыздарынын бул темада тартылган клиптерине презентация жасап, тазалыкты сактоонун маанилүүлүгүн айтып беришет.

Катышуучулар:

ЧЫНЫБАЕВА Айжан Адамкалиевна — "Эко Деми" коомдук фондусунун төрайымы;

СҮЙҮНОВА Гүлбарчын Унгарбаевна — "Эко Деми" коомдук фондусунун мүчөсү;

САТКЫНБАЕВ Мирлан Эшимбекович — "Таза жаша" клибинин продюсери;

ПОЛ Эммет — Let's Do It World экологиялык кыймылынын расмий өкүлү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Урматтуу журналисттер, маалымат жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга талкууланып жаткан теманын алкагында гана суроо берүүнү өтүнөбүз.