БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстанда радиатор чыгарган ири завод октябрь айында ишке берилет. Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 500гө жакын адамды жумуш менен камсыз кыла турган ишканада үйдү жылыта турган радиаторлор жасалат. 40 миллион долларлык инвестицияга курулган заводдун жалпы аянты 60 миң чарчы метрге жетет.
"Бишкек" эркин экономикалык аймагында курулган ишканада даярдалган продукцияны коңшу өлкөлөргө экспорттоо пландалган.