Радио

Жумашева: дыйкан документке так болсо экспортто кыйынчылыктар жаралбайт

"Азра Жемиштери" компаниясынын менеджери Аймира Жумашева Кыргызстанда өстүрүлгөн төө буурчакка дүйнөнүн төрт тарабынан кызыккандар арбын экенин айтты.
Sputnik
Жумашева: дыйкан документке так болсо экспортто кыйынчылыктар жаралбайт

Дыйкан документке так болсо өндүргөн товарын экспорттоодо кыйынчылыктар жаралбайт. Мындай пикирин Аймира Жумашева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө ЕАЭБке киргени дыйкандар өз түшүмдөрүн башка мамлекеттерге түз сатууга оңой болуп калды.

"Өлкө ЕАЭБке киргени товар экспорттоодо жеңилдиктер сезилээрлик байкалууда. Эгер дыйкан кагаз иштерине так болсо, сапаттуу товарын тоскоолдуксуз сата алат. Биздин компания кыргыз төө буурчагын башка мамлекеттерге чыгарат. Ошондой эле быйылкы жылдан баштап алма өстүрүүнү колго алдык. Эгер өндүрүмдүн сапатына көңүл буруп, тиешелүү эрежелерди сактасак, сатуу оңой эле", — деди Жумашева.

Ал ошондой эле Россиянын айыл-чарба тармагындагы адистери, окумуштуулары менен кенен баарлашуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндүгүн кошумчалады.

Эске салсак ушул жылдын 15-16-сентябрында Бишкек шаарында алгачкы жолу кыргыз-орус бизнес форуму өтүп, ага эки мамлекеттен 200гө чукул ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.