БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. "Тазалык" ишканасы ишембиликтен кийин 76 КамАЗ таштанды чыгарды.
15-сентябрда бишкектиктер Дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган акцияга кошулду. Бул иш-чара 157 мамлекетте колдоо тапты.
Ишембиликке "Тазалык" ишканасынын 863 кызматкери тартылган. Андан сырткары, атайын автоунаалар дагы иштеген.