Бишкекте биринчи жолу жөө адамдар үчүн кенен жол курулууда

Бардык иштерди 1-ноябрга чейин бүткөрүү каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкекте жөө адамдар баса турчу жол менен чогуу веложол салынып жатат. Бул тууралуу "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Ага ылайык, жол Түштүк Магистралдын эки тарабына Байтик баатыр көчөсүнөн Дооронбек Садырбаевге чейин салынып, узундугу 3,6 чакырымды түзөт.

"Жөө адам баса турчу көчөнүн түндүк тараптагысынын туурасы 4,5 метр болсо, вело жолдуку 1,5 метрге жетет. Ал эми түштүк тарапта жайгашкан көчөнүн адамдар өтө турчу жеринин туурасы 2,5 метр, велосипед үчүн салынганы 1,5 метр", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, жолго 200 отургуч жана 400 таштанды челеги орнотулат. Ошондой эле Ала-Арча каналына жолдун эки капталына эки көпүрө салынат. Бардык иштерди 1-ноябрга чейин бүткөрүү каралган.