Бишкекте курулуп жаткан үйдүн 10-кабатынан кулаган кишинин азыркы абалы

Жабыркаган киши ооруканага түшөрү менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Көп кабаттуу үйдүн 10-кабатынан кулаган кишинин абалы орто экенин Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунан кабарлашты.

Россияда 21 жаштагы кыргызстандыктын башына бетон кулап каза тапты
Эске салсак, 15-сентябрда Көк-Жар кичи районунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн киши кулап кеткен

Дарыгерлердин айтымында, ал ооруканага түшөрү менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, кийин травматология бөлүмүнө которулган. Анын моюн омурткасы сынып, бактыга жараша мээсине жана жүлүнүнө доо кеткен эмес. Жарандын буту сынды деген маалыматты дарыгерлер төгүндөштү.

Ал эми милиция аталган фактынын чоо-жайын иликтеп жатат.