Баткенде унаа сайга түшүп кетип бир адам каза тапты

Окуя 16-сентябрь күнү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Баткен районуна караштуу Тамаша-Жай тилкесинде жол кырсыгынан бир адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, 16-сентябрь күнү саат 11:13тө Volkswagen Golf үлгүсүндөгү унаанын 65 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калгандыктан унаа сайга түшүп кеткен.

Куткаруучулар машинаны жолго чыгарып беришкен.