Ат-Башыда жүк ташуучу автоунаа жүз койду коюп кетти. Сүрөт

Малды айдап бараткан чабан жүк ташуучу автоунаанын айдоочусуна арыз жазды.
Sputnik

БИШКЕК. 17-сен. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Арпа жайлоосунан кой айдап келе жаткан чабандын 97 кою жүк ташуучу автоунаанын алдында калган. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан кабарлашты.

Ага ылайык, кырсык 15-сентябрда болжол менен саат 02:30дар чамасында Нарын — Торугарт жолунун 419-чакырымында болгон.

"Чабан 500дөй койду Арпа жайлоосунан трасса менен айдап келе жаткан. Бул учурда койду Mercedes-Benz Actros үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа келип коюп кеткен. Анын кесепетинен 97 кой өлгөн", — деп милициядан билдиришти.

Малчы айдоочуга карата милицияга арыз жазды.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жабыркаган чабан менен мал айдап келе жаткан башка жарандарга да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, түнкүсүн жарыкты чагылдыруучу кийим кийүү сунушталды.