АКШнын мурдагы президенти Рональд Рейгандын жашаган үйү сатылды

Архитектор Пол Уильямстын долбоору менен салынган үй 1938-жылы салынып, курулушка 12 800 доллар кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Рональд Рейган АКШнын президенти болуп шайланганга чейин 1940-1949-жылдары жубайы Жейн Уайман менен жашаган Лос-Анжелестеги үйү 6,45 миллион долларга сатылганын Известия басылмасы жазды.

Бегилерова: үй сатып аларда Каттоо кызматынан текшертип алгыла
Маалыматка ылайык, Рейган бул үйдө актер болуп жүргөн кезинде жашаган. Кийин ал жубайы менен ажырашкандан кийин үй аялына калган. Уайман бул үйдө өмүрүнүн аягына чейин жашаган.

Архитектор Пол Уильямстын долбоору менен салынган бул үй 1938-жылы салынып, курулушка 12 800 доллар кеткен. Бул үй акыркы жарым кылымдан бери биринчи ирет сатыкка коюлган.

Үй эки кабаттуу болуп, төрт уктоочу бөлмөсү бар. Негизги уктоочу бөлмө экинчи кабатта жайгашкан.