Кыргызстанды өнүктүрө турган эки тармак бар. Алар — айыл-чарбасы жана туризм багыты. Мындай пикирин Жумадыл Эгембердиев кыргыз-орус бизнес форуму учурунда Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, республика туризмди өнүктүрүүгө басым жасашы зарыл.
"Өлкөдө айыл-чарба менен туризмди колго алуу керек. Бул эки багытты өнүктүрүү менен экономикага ири салым кошо алабыз. Мисалы Суусамыр өрөөнү туризмге абдан ыңгайлуу жер. Ал биринчиден борбор калаага жакын, экинчиден эки жылда бир өтүп жаткан Көчмөндөр оюндарын жылдын төрт мезгилинде тең уюштура берсе болот. Мындан сырткары, кышкы спортту да жайылтууга ылайыктуу", — деди Эгембердиев.
Ал ошондой эле өлкөдө Суусамырдан сырткары туристтерди жаратылышы менен өзүнө тарткан жерлер арбын экенин кошумчалады.
Эске салсак, ушул жылдын 15-16-сентябрында Бишкек шаарында алгачкы жолу кыргыз-орус бизнес форуму өтүп, ага эки мамлекеттен 200гө чукул ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.