Жалал-Абадда кырсыктардын тобокелчилигин азайтууну үйрөнүп жатышат

5-сентябрдан 5-октябрга чейин Кыргызстандын бардык облустарында кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу боюнча бир айлык иш-чаралар өткөрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында "Кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу күнүнө" арналган иш-чаралар башталып, жарандык коргонуу кызматтары, авариялык куткаруу унаалары, жергиликтүү калк жана шаар жаштары жөө жүрүшкө чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 4
Жалал-Абад шаарында "Кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу күнүнө" арналган иш-чаралар башталып, жарандык коргонуу кызматтары, авариялык куткаруу унаалары, жергиликтүү калк жана шаар жаштары жөө жүрүшкө чыкты
2 / 4
Иш-чарага катышуу үчүн Жалал-Абадга барган өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов мындай аракеттердин маанилүүлүгүнө токтолду
3 / 4
Иш-чаранын алкагында шаардагы жарандык коргонуу кызматтары, Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмү Кызыл Ай Коому менен биргеликте жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча практикалык билим алууда
4 / 4
Белгилей кетсек, 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кыргызстандын бардык облустарында кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу боюнча бир айлык иш-чаралар өткөрүлөт.

Иш-чарага катышуу үчүн Жалал-Абадга барган өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов мындай аракеттердин маанилүүлүгүнө токтолду.

"Биз калкты өзгөчө кырдаалдар коркунучу жөнүндө кабардар кылуу, өзүн сактоо жолдорун үйрөтүү боюнча көп күч жумшап келебиз. Бирок бул аракеттер чектелүү болуп жаткандыктан, аны жакшыртышыбыз керек", — деди Мирзахмедов.

Иш-чаранын алкагында шаардагы жарандык коргонуу кызматтары, Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмү Кызыл Ай Коому менен биргеликте жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча практикалык билим алууда.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кыргызстандын бардык облустарында кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу боюнча бир айлык иш-чаралар өткөрүлөт.