"Наша Russia" скетч-шоусунда Жамшүттүн ролун аткарган актер көчөдө калды

Орус актеру болгон акчасынан айрылып бейтааныш аялдын үйүндө баш калкалоодо.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. "Наша Russia" скетч-шоусунда Жамшүттүн ролун аткарган Валерий Магдьяш үй-жайы жок көчөдө калды.

67 жаштагы актер "Россия-1" телеканалындагы "Түз эфир" ток-шоусуна катышып, өзүнүн тагдырын айтып берген.

Тамашалуу долбоорго тартылганга чейин Магдьяш Москвада бир бөлмөлүү батирде жашачу. Андан кийин программанын күйөрмандары көбөйүп, актер бир күн тартылган ишине эле миңдеген доллар ала баштаган. Ошентип ал бир жылдын ичинде каражат топтоп, чоңураак үй алууну чечет.

Нарматовдун үйүн тоноп, дагы башкасын жасады делген кишинин сурагы. Видео
Бир бөлмөлүү батирин саткандан кийин Магдьяш сумкасына болгон акчасын салып алып, банкка жөнөгөн. Бирок жолдон уурулар аны түтүк менен башка чаап тоноп кеткен.

Магдьяш ооруканадан чыккандан кийин Кавказ минералдык суусу аттуу курорттор аймагына кетип калган.

Ессентуки шаарындагы автобекетте уктап жаткан актерду Татьяна аттуу аял таанып калып, "үйүмдө жашай тур" деп Анапага алып кеткен. Ыраазы болгон актер ал аялдын үйүн ремонттоп берген. Азыр Магдьяш Москвага кайткысы келет, бирок кантип келишти билбей турган чагы. Учурда анын Кавказ минералдык суусу курорттор аймагында театралдык балдар студиясы бар.

Белгилей кетсек, Comedy Club Production компаниясынын "Наша Russia" сатиралык телеберүүсү 2006-жылы ТНТ телеканалында көрсөтүлө баштаган. Бул долбоордо Жамшүт чет жерден келген гастарбайтердин ролун аткарат.