Астанага келип конгон учактын кыймылдаткычы түтөп кетти. Видео

Окуя ишемби күнү учак жерге конору менен болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Астанадагы "Нурсултан Назарбаев" аэропортунун ыкчам кызматы учактын кыймылдаткычынан чыккан түтүндү учурунда өчүрүп калды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги өлкөнүн Жарандык авиация комитетине таянуу менен билдирди.

Ага ылайык, Атырау — Астана багыты боюнча учкан "Эйр Астана" компаниясынын А320 учагы жерге конгондон кийин сол канаттагы кыймылдаткычы түтөп кеткен.

Аэропорттун тийиштүү кызматы түтөгөн кыймылдаткычты учурунда өчүрүп, 91 жүргүнчүнүн бири дагы жабыркаган эмес.