Бомбанын калдыктарын гүлгө айландырган израилдик уста. Видео

Израилдик сүрөтчү жана педагог Ярон Боб снаряддын сыныктарынан гүл жасайт.
Sputnik

Ярон Палестинанын чек арасына жакын жердеги Ятед айылында жашайт. Сүрөтчү асмандан аткылоодон эки ирет аман калган. Ал башынан кайгылуу күндөрдү өткөргөн соң темир усталык менен алектене баштаган.

Кол өнөрчүнүн ишинде бир тартип бар — ал эч убакта адам өмүрүн алган бомбанын калдыктарын колдонбойт.