Бишкекте курулуп жаткан үйдүн 10-кабатынан киши кулап, ооруканага түштү

Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкектеги "Көк-Жар" кичи районунда курулуп жаткан үйдүн 10-кабатынан кулаган жаран аман калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Россияда 21 жаштагы кыргызстандыктын башына бетон кулап каза тапты
Маалыматка ылайык, окуя 15-сентябрда болгон. 30 метрлик бийиктиктен кулаган киши Бишкектеги Травматология жана ортопедия улуттук илимий-изилдөө борборуна жеткирилген.

Анын буту сынып, баш мээси чайкалып, төшү жабыркаган. Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Окуя боюнча Октябрь РИИБинин кызматкерлери текшерүү жүргүзүүдө.