Жээнбековдун Ботаникалык бактагы ишембилиги: шымаланган ажо жана селфи

Ишембилик аяктагандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Ботаникалык бактын абалы менен таанышып чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү мамлекет башчысынын аппараты менен бирге Эдвард Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөрүлгөн ишембиликке катышты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 6
Президент Сооронбай Жээнбеков Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү мамлекет башчысынын аппараты менен бирге Эдвард Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөрүлгөн ишембиликке катышты
2 / 6
Жээнбеков жана аппарат кызматкерлерине аталган аймакты "ЭкоДеми" коомдук фондусунун волонтерлору кошулган
3 / 6
Жээнбеков ыктыярчылар менен бирге Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндөгү акциянын катышуучуларына онлайн салам жолдогон
4 / 6
Президенттин маалымат кызматынын берген жиберген сүрөттөрүнөн ыктыярчылардын Жээнбеков менен селфи жасагандыгын көрүүгө болот
5 / 6
Ишембилик аяктагандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Ботаникалык бактын абалы менен таанышып чыкты
6 / 6
Бакты реконструкциялоонун планы тууралуу мамлекет башчыга Ботаникалык бактын директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева менен Бишкектин мэри Азиз Суракматов айтып беришкен.

Жээнбеков жана аппарат кызматкерлерине аталган аймакты "ЭкоДеми" коомдук фондусунун волонтерлору кошулган.

Таласта 11 кг алтын үчүн жайыт жер жана токой казыла баштады. Башында ким турат?
Жээнбеков ыктыярчылар менен бирге Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндөгү акциянын катышуучуларына онлайн салам жолдогон.

Президенттин маалымат кызматынын берген жиберген сүрөттөрүнөн ыктыярчылардын Жээнбеков менен селфи жасагандыгын көрүүгө болот.

Ишембилик аяктагандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Ботаникалык бактын абалы менен таанышып чыкты. Бакты реконструкциялоонун планы тууралуу мамлекет башчыга Ботаникалык бактын директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева менен Бишкектин мэри Азиз Суракматов айтып беришкен.