БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. 15-сентябрга караган түнү Бишкектеги “Мадина” базарынан чыккан өрт менен ӨКМдин өрт өчүрүүчү сегиз унаасы күрөшүп жатат.
Мындан тышкары, 500дөй тартип сакчысы жана тез жардан унаалары кызмат кылууда.
Акыркы маалыматтарга караганда, өрт чыккан жерден тарсылдаган үндөр угулуп, милиция тегеректеп турган элди алыстата баштады.
Алдын ала маалыматтарга боюнча, жабыркагандар жок.