"Мадина" базарынын кайсы жери өрттөнгөнү белгилүү болду

Сатуучулар менен милиционерлер өрт спирт сакталган кампага өтүп кетиши мүмкүн деп коопконууда.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. "Мадина" базарындагы өрт кездеме сакталган кампадан чыккан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жеринде иштеп жаткан милиция кызматкерлери билдирди.

Тилсиз жоо тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына саат 22.53тө түшкөн. Такталган маалыматтарга караганда, жеринде алты унаа иштеп жатат. Аймак курчоого алынган. 

"Сатуучулар менен милиционерлердин айтымында, жакын эле жерде спирт сакталган кампа бар", — деди кабарчы.

Милиция базардын аймагына акырындык менен товарлары өрттөнүп жаткан соодагерлерди киргизди.