БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. "Мадина" базарындагы кездемелер сакталган кампадан чыккан өрт беш сааттан кийин чектөөгө алынып, учурда өрттү толугу менен өчүрүү аракеттери жүрүп жатат.
Өрттөнгөн кампанын тегерек чети курчоого алынып, базардын күзөтчүлөрү чоочун кишилерди өткөрбөй кайтарып турат. Sputnik Кыргызстан агенттигиинин кабарчылары барганда күзөтчүлөр ичинде иликтөө иштери бүтмөйүнчө эч ким киргизилбей турганын айтышты. Ал эми базардын жетекчилигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Базардын кызматкерлери бүгүн таңда адаттагыдай эле эшигин ачып кадыресе иш алып барууда. Күйгөн кампа базардын түндүк тарабында жайгашкан болчу.
Белгилей кетсек, "Мадина" базарындагы өрт 14-сентябрда түнкү саат 22.53дө башталган. Жеринде алты өрт өчүрүүчү унаа жана Суу чарба башкармалыгынын төрт техникасы иштеп саат 04.07де чектөөгө алынган. Жалын 1500 чарчы метр аянтты жалмаганы маалым болду. Өрт кездемелер сакталган кампадан чыккан.
Жүрөк үшүн алган кырсыкты Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары жеринен тартып алган.