Бишкекте “Мадина” базары күйүп жатат. Сүрөттөр

Жерине өрт өчүрүүчү сегиз унаа кеткени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкекте “Мадина” базары күйүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp каналы аркылуу күбө билдирди. 

1 / 4
Бишкекте “Мадина” базары күйүп жатат.
2 / 4
Аталган базарда контейнерлер тараптан өрт чыкканын 101 кызматы дагы тастыктады.
3 / 4
Маалыматка караганда, аталган базарга сегиз өрт өчүрүүчү унаа чыгып кетти.
4 / 4
Жерине барган Sputnik кыргызстан агенттигинин кабарчысынын айтымында, аймак милиция тарабынан курчоого алынып, Тез жардам унаалары дагы келди.

Аталган базарда контейнерлер тараптан өрт чыкканын 101 кызматы дагы тастыктады. Маалыматка караганда, аталган базарга сегиз өрт өчүрүүчү унаа чыгып кетти. 

Жерине барган Sputnik кыргызстан агенттигинин кабарчысынын айтымында, аймак милиция тарабынан курчоого алынып, Тез жардам унаалары дагы келди.