Жылына эң көп акча тапкан рэпперлердин тизмеси чыкты

Рэперлер концерттен тышкары жеке бизнесинин аркасы менен киреше табышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Хип-хоп аткаруучусу же Jay-Z деген ат менен таанымал ырчы Шон Картер жылына эң көп акча тапкан рэперлердин көч башында. Forbes журналынын жазышынча, Jay-Z акыркы 12 айда 76,5 миллион доллар тапкан.

Forbes журналы эң көп акча тапкан актерлердун ысымын атады
Ага мындай бийиктикке жетүү үчүн аялы Бейонсе менен чогуу жаздырган Everything Is Love ыры менен On The Run аттуу гастролу жардам берген.

Экинчи орунга Шон Комбс (P.Diddy) чыкты. Рэпер ырларынан тышкары Ciroc арагын, DeLeón текиласын жана Aquahydrate суусун сатып киреше тапкан.

Алдыңкы үчтүктү жыйынтыктаган Кендрик Ламар 58 миллион доллар тапкан. Рэпер концерттен жана Nike жана American Express компаниялары менен кызматташат.