БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы Белиз мамлекетинен алынган MegaCom компаниясы боюнча трасстык документтерге байланышкан кырдаал тууралуу тийиштүү мекемелердин баяндамасын укту.
Жыйынга келген УКМКнын өздүк коопсуздук башкармалыгынын башчысы Бакытбек Мусуралиев Белизден келген документтердин чоо-жайын иликтеген комиссиянын чыгарган корутундусу тууралуу маалымат берди.
"Комиссия кызматтык иликтөө учурунда УКМКга тийиштүү бардык оперативдик башкармалыктардан жана катчылык аркылуу маалымат алганда 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин MegaCom компаниясына тиешелүү акциялар боюнча трасстык документтерди Белиз мамлекетинен УКМКнын дарегине келип түшпөгөнү жана бул документтер УКМКда катталбагандыгы аныкталган. Бул материалдар башкы прокуратурага 2018-жылдын 13-июлунда түп нускада жиберилген. Текшерүү учурунда УКМКнын кызматкерлери Мусаканов менен Кенжешева Белиз мамлекетине атайын барып трасстык документтерди алып келди деген маалыматтар дагы негизсиз экени анык болду", — деди ал.
Мусуралиев аты аталган кызматкерлер — Мусаканов менен Кенжешева Белизге эмес, бирөө Москвага, экинчиси Ташкент менен Пекинге барып келгенин белгиледи.
УКМКнын өздүк коопсуздук башкармалыгынын башчысы Бакытбек Мусуралиев Абдил Сегизбаев комиссияга берген түшүнүк катында бул маалыматтарды ыкчам булактардан алганын жазып бергенин билдирди.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов 2016-жылы ноябрда Абдил Сегизбаев Белизден келген документ деп парламентке, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге көрсөткөнүн айтты. Сегизбаев ал документте Жогорку Кеңештин үч депутаты — Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованын MegaCom ишканасына тиешелүү компанияда сегиз пайыздан үлүшү бар, алардын базар наркы 23 миллион турат деп жалпы коомчулукка чыгарганын кошумчалады.
"Биз Лондондон адвокаттарды жалдап, алар тез аранын ичинде Белизден келген кагаздардын бардыгы такыр эле башка документтер экенин айтышкан", — деди Шыкмаматов.
Белгилей кетсек, Абдил Сегизбаев УКМКнын төрагасы болуп турган учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевге жолугуп, Жогорку Кеңештин үч депутаты MegaCom компаниясын сатууга кызыкдар болгонун күбөлөндүргөн документтерге ээ болгонун айтып берген.
Sputnik Кыргызстан агенттиги учурда жаралган маселе боюнча Алмазбек Атамбаевден комментарий алуу үчүн аны менен байланыша алган жок. Бирок Атамбаев учурда лидерлик кылган КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева менен байланышканыбызда жаралган кырдаал боюнча Сегизбаев өзү жооп берерин айтты.
"Ал документти Абдил Сегизбаев көрсөткөн, андыктан өзү жооп берсин", — деди Жолдубаева.
Эске салсак, 2016-жылдын ноябрында УКМКнын ошол учурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, Борбордук Америкадагы Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтерин алганын маалымдаган.
Президент бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүнү башкы прокурорго тапшырганы маалым.
Парламенттин жыйынында Сегизбаев кеп "ата мекенчилер" Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов жөнүндө болуп жатканын айткан. Өз кезегинде аталган депутаттар күнөөсү жок экенин айтып, мындай аракетти саясий куугунтук катары баалаган.