Кытайда дарыгерлер бейтаптын мээсинен тирүү курт алып чыкты

Медицина кызматкерлеринин айтымында, курттун жумурткасы чала куурулган эт аркылуу организмге кирип кеткенин болжошууда.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кытайда дарыгерлер чала бышкан этти жакшы көргөн кишинин мээсинен курт алып чыгышты. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Окумуштуулар жер жүзүндө эң ылдам жүргөн жандыкты табышты
Наньчан шаарынын 26 жаштагы тургуну бир нече ай бою талма менен ооруп, дарыгерлер анын диагнозун аныктай албай келген. Кийин бейтапты аймактагы борбордук ооруканага жөнөтүшкөн. Медициналык кароонун жыйынтыгында анын ичинде Spirometra mansoni аттуу курт бар экени аныкталган.

Дарыгерлер курт кишинин мээсинде экенин таап, алып чыкканда 10 сантиметр экенин көрүшкөн. Медицина кызматкерлери курттун жумурткасы чала куурулган эт аркылуу организмге кирип кеткенин болжошууда.