Радио

Кулмендеев: бишкектиктерди бекер кино көрүп кетүүгө чакырабыз

Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев Бишкек шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү өтүп жатканын айтты.
Sputnik
Кулмендеев: бишкектиктерди бекер кино көрүп кетүүгө чакырабыз

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын "Кино анимация" боюнча 6-жыйынынын алкагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү "Манас" кинотеатрында өтүп жатат. Анда көрсөтүлгөн тасмаларды шаар тургундары акысыз көрө алат. Бул тууралуу Таалайбек Кулмендеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 13-сентябрда башталган иш-чара 16-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

"Аталган иш-чараны Кыргызстандын "Түнкү кырсык" тасмасы ачып берди. Эми Азербайжандын "Кызыл бакча", Казакстандын "Оралман", Түркиянын "Буудай" жана "Айла" деген көркөм тасмалары тартууланып жатат. Эсиңиздерде болсо керек, казак боордошторубуздун "Оралман" тасмасынын бет ачар аземи бизде болгон. Тасмасы көрсөтүлө турган чет элдик режиссерлордун баары келди. Саамалык түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) алкагында өтүп жаткандыктан, жакшы жыйынтыктарды күтүп жатабыз. Учурдан пайдаланып, шаар тургундарын бул иш-чарада коюлуп жаткан тасмаларды көрүп кетүүгө чакырам. Кирүү акысыз", — деди Кулмендеев.

Ал жогоруда аты аталган өлкөлөр бир тилдүү болгону менен кино багытындагы иш-чаралар дээрлик жокко эсе жана байланыш анчейин экенин кошумчалады.