Рамзан Кадыров Тимати менен Хабибдин тирешинен кийинки кепке чекит койду

Буга чейин мушкер менен рэпер артист Егор Криддин Дагестанда болбой калган концертинен улам кайым айтыша кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров рэп-аткаруучу Тимати менен UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун ортосундагы кайым айтыш боюнча пикирлерге чекит койду. Кадыровдун бул ролигин артист өзүнүн Instagram баракчасына жайгаштырган. 

Чеченстан башчысы коңшу республиканын жашоочуларына "болбогон нерсеге убакыт коротпой, бири-бирин таарынтпай жашоого" чакырды.

"Хабиб салмагын түшүрүп жаткандыктан кыжаалат болуп жатат, аны түшүнүш керек. Силер эмне кылып жатасынар? Болбогон нерсеге убакыт коротуп отурасыңар! Биз өзүбүздө тартип орнотобуз — террорчулар да, "гастролерлор" да, эч ким келе албайт. Андан көрө баарынан жакшысы бизге конокко келгиле, биз Кавказды, туризмди өнүктүрүшүбүз керек. Сүйүктүү дагестандыктарым, келгиле ынтымакта жашайлы", — деген Кадыров.

Буга чейин мушкер менен рэпердин ортосунда артист Егор Криддин Дагестанда болбой калган концертинен улам кайым айтышуу болуп кеткен. Себеби анын дарегине коркутуп-үркүтүүлөр түшө баштаган.

Нурмагомедов концерттин болбой калышына "мындан эмне болуп кетиптир" деген маанайда пост жазып, ал Тиматинин сын пикирин жараткан.