БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкери шаардагы кафелердин биринде эс алып жатып, башка эс алуучулар менен мушташа кетип, алардын бирөөсүн тапанча менен атып салган. Бул маалыматты Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы тастыктады.
"Окуя шаардагы кафелердин биринде 12-сентябрга караган түнү болгон. Окту ШИИБдин милициянын криминалдык кызматынын өкүлү чыгарган. Алдын ала маалымат боюнча жабырлануучу бутуна ок жеген", — дешти милициядан.
Учурда бардык материалдар Биринчи Май райондук прокуратурасына берилип, ички тергөө иштери жүрүп жатат.