Аскер комиссарынын пара алган орун басарын кантип кармашты. Видео

Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү Ысык-Ата районундагы аскер комиссариатынын орун басарын кармашты. Бул туурасында Финансы полициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Sputnik

Пара алган кишини кармап жаткан учурду аталган кызмат Youtube каналына жайгаштырган.

Бишкекте пара алып жаткан салыкчынын кылтакка илинген видеосу
Маалыматта арыз менен аял кайрылгандыгы айтылат.

Финансы полициясы аскер комиссариатынын кызматкери аялдын уулун аскерге чакырам деп коркутуп 25 миң сом талап кылууга шектелгендигин билдирген. Алар улан ден соолугуна байланыштуу аскерге жараксыз экендигин айтышты.

Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 304 жана 313-беренелердин негизинде иш козголгон.

Шектелген адам 12-сентябрда өзүнүн кабинетинде пара алып жаткан жеринен кармалган.