Автоунаага салык төлөбөгөндөр кылтакка илиниши мүмкүн. Рейд жүрөт

Айдоочуларга транспорт салыгын төлөгөндө берилген чаптамасын автоунаанын айнегине тагып алууну айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Өлкөдө автоунаа салыгын төлөбөгөндөрдү текшерүү башталды деп билдиришти Мамлекеттик салык кызматынан.

Рейдди ИИМдин салыкчылар менен Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери өткөрүп жатышат.

Салык кызматынан автоунаалардын ээлерине айдоочулук күбөлүгүн, транспорт каражатынын каттаткан документти, салыкты төлөгөндүгү туурасында кагазды ала жүрүүнү эскертишти.

Салык төлөгөн чаптаманы унаага такпаса айып салынабы? Салык кызматынын жообу
Ведомстводон айдоочуларга салык төлөгөндүгү туурасында берген чаптаманы транспорттун айнегине чаптап алуу зарылдыгын белгилеп, бул автоинспекторлордун ашыкча токтотуп, текшеришин азайтат дешти.

Салык төлөөнүн мөөнөтү 4-сентябрда өтүп кеткендигине карабастан, аны төлөө уланып жаткандыгы кошумчаланды.

Буга чейин салыкты мөөнөтүнөн кечиктиргендиги үчүн 2 миң сом айып пул салынып, андан сырткары, ар бир күнгө туум чыгары айтылган.