Аалам аралап кеткен Көчмөндөр оюндары. Иш-чарадан мыкты 10 сүрөт

Sputnik

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынан биз абдан көп сүрөт алып келдик да алардын мыктыларын тандап алдык. Сүрөттөр Чолпон-Атадагы ипподромдо, Кырчын жайлоосунда жана оюндар өткөн бардык жайлардан тартылган.

Оюндар Ысык-Көлдө 2-8-сентябрь күндөрү өттү. Ага 303 миллион сом жумшалып, байге фондусуна 28 миллион сом каралган. Программага спорттун 37 түрү кирген.

1 / 10
Көчмөндөр оюндарынын ачылышы таасирдүү болду. Ал эми жабылуу салтанаты андан да ашып түшүп, түстүү фейерверк менен жыйынтыкталды.
2 / 10
Оюндардын ачылыш салтанатында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, мейман болуп Казакстан, Түркия жана Татарстандан келген кесиптештерине ыраазычылык билдирди
3 / 10
Кийинки күнү "Кырчын" этношаарчасы ачылып, көчмөн элдин турмушун чагылдырган оюн-зоок болду
4 / 10
Актерлордун койгон оюну көрөрмандардын көзүн кубантып, "жаракат алган жок болду бекен" деп бушайманга салды
5 / 10
Кырчындагы унаа токтотуучу жай. Камерага түшпөй калган унаа канча дейсиз...
6 / 10
Улуттук колорит заманбап заман менен камыр-жумур болуп кеткенде
7 / 10
Венгриядан келген жаачы кыз өнөрүн тартуулап жатат
8 / 10
Көптөн күткөн көк бөрү. Финалда Кыргызстан менен Өзбекстандын улакчылары беттешип, алдыга чыккан улуттук команда элге кызыктуу оюн куруп берди. Сүрөттө улакчы Манас Ниязов
9 / 10
Көчмөндөр оюндарында биринчи жолу сумочулар күч сынашты. Кыргызстандык Алмаз Эргешов Өзбекстан менен Индиядан келген балбандарды жеңип, эки россиялык спортчудан утулуп калды. Натыйжада 5-орун
10 / 10
Оюндардын жабылуу аземи шаңдуу өттү. Дүйнөлүк хиттерге бийлөө үчүн аянтчага жүздөгөн киши чыкты.