Жол инспекторлору окуучулар үчүн эреже китепчесин чыгарды. Сүрөт

Мындай китепчелер келечекте өлкөдөгү бардык мектептерге таратылат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Бишкектеги мектептердин бирине "Билип ал, эске сакта, аткар" деп аталган сүрөттөрү боелуучу китепчелерди таратты. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Алар кенже класстын окуучуларына арналган.

1 / 2
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Бишкектеги мектептердин бирине "Билип ал, эске сакта, аткар" деп аталган сүрөттөрү боелуучу китепчелерди таратты
2 / 2
Алар кенже класстын окуучуларына арналган.

"Окуу жылынын башталышы менен бардык мектептерде жол кырсыктарын алдын алуу үчүн "Салам, мектеп" деп аталган түшүндүрүү иш-чаралары өтөт. Бирок алар дайым эле таасирдүү боло бербейт. Ошондуктан бул ирет жолдо жүрүү эрежелери тартылган китепчелерди чыгардык", — деп айтылат билдирүүдө.

ЖКККББдан кошумчалашкандай, келечекте мындай китепчелерди өлкөдөгү бардык мектептерге жеткирүү пландалып жатат.

Баса окуучулардын жолдогу коопсуздугу үчүн быйылкы окуу жылында Чүй облусундагы жолго жакын мектептердин жанында жол инспекторлору нөөмөттө турмай болду.