Бишкек мэри "Ала-Арча" дарыясын жээктеп кыдырды. Сүрөт

Калаа башчы дарыянын жээги кандай бекемделип жатканын жеринен көрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Борбор калаанын башчысы Азиз Суракматов "Ала-Арча" дарыясынын жээгин бекемдөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 4
Борбор калаанын башчысы Азиз Суракматов "Ала-Арча" дарыясынын жээгин бекемдөө иштери менен таанышты
2 / 4
Билдирмеге караганда, ал Мамытов (Чапаев) менен Лев Толстой көчөлөрүндөгү аймакты карап чыккан
3 / 4
Аталган участоктогу дарыянын жээгин бетон менен бекемдөө пландалып жатат
4 / 4
Жалпы жонунан Рыскулов көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин бетон дубалын куруу зарылдыгы бар экени айтылды.

Билдирмеге караганда, ал Мамытов (Чапаев) менен Лев Толстой көчөлөрүндөгү аймакты карап чыккан. Аталган участоктогу дарыянын жээгин бетон менен бекемдөө пландалып жатат. Жалпы жонунан Рыскулов көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин бетон дубалын куруу зарылдыгы бар экени айтылды. Бул дарыянын жээгин сактап, дамбанын кыйрап калышын алдын алат.

"Мэр башында турган көчмө жыйынга калаанын вице-мэри Геннадий Милицкий, Биринчи Май районунун акими Токтосун Султанов, "Бишкекзеленхоз" ишканасынын директору Алымжан Усубахунов жана башка жооптуу кызматтагы адамдар катышты", — деп айтылат маалыматта.

Учурда "Бишкекзеленхоз" дарыянын Лев Толстой көчөсүнөн ылдый кеткен жагын тазалап жатат. Буга чейин дарыянын Кочкор көчөсүнөн Лев Толстойго чейинки бөлүгүндө бекемдөө иштери аткарылган болчу.

Бүгүн парламенттин жыйынында эл өкүлү Рыскелди Момбеков калаа мэри Азиз Суракматовду катуу сынга алып, элге чарба тилин билген башчы керектигин айткан.