Бишкекте "Ак-Кеме" мейманканасы жайгашкан аймакта курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө өрт чыкканын социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыкты.
Болот Темиров аттуу жаран Facebook баракчасына күйүп жаткан имараттын видеосун чыгарып, курулушчулардын кыйкырыгы угулуп жатканын жазды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан турак үйдөн өрт чыкканын тастыктап, тилсиз жоону алдын алуу үчүн саат 16:37де Ленин райондук өрт өчүрүү бөлүмүнөн бир бөлүм тартылганын маалымдады.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин айтты.