БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Америкалык психологдор кыз-келиндер иммундук системасы күчтүү эркектерге жакын болуп, көңүлү көбүрөөк түшөт. Бул тууралуу Psyсhology Todaу журналы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, айымдар автоматтык түрдө дени сак мырзаны тандайт, бул кийинки тукумдун саламаттыгынын сак болушун шарттайт.
Окумуштуулар ошол эле изилдөөдө аялдардын бир эле учурда бири-бирине эч окшобогон бир нече эркекти жактырышы мүмкүн экенин аныкташкан. Бирок атасына же жакын туугандарына окшош мырза менен түтүн булатууну каалай турганы айтылган.