"Аль-Каиданын" мурдагы мүчөсү согушкерлердин көңүлсүз жашоосу тууралуу айтты

Анын айтымында, алар түрдүү тапшырмаларды аткарууга барганда көңүлдөрүн көтөрүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. "Аль-Каида" террордук уюмунун мурдагы мүчөсү Брайан Нил Винас согушкерлердин жашоосу көңүлсүз экенин айткан. Бул тууралуу FoxNews телеканалы билдирди.

Винас айрым күндөрү эч нерсе жасабай жөн эле жаткан учурлар болгонун белгилеген.

"Айрым жигиттер эч нерсе жасабагандыктан көңүлдөрү калган учурлар болду. Операциялар аз болуп, кээде ойдогудай өтчү эмес", — дейт ал.

Быйыл 36 чет элдик депортацияланды. УКМКнын түшүндүрмөсү
Альтернатива катары атайын окуудан өтүү сунушталганын бирок ага баары эле макул боло бербегенин мурдагы согушкер белгилеген. Анткени атайын окуудан өткөндөр Афганистан менен Пакистандан тышкары жактарга жиберилчү.

Эске салсак, Винас Нью-Йоркто чоңоюп, АКШ армиясынын катарында кызмат кылып, бирок ал жакка көнүп кете алган эмес. 2007-жылы ислам динин кабыл алып, Пакистандагы согушкерлердин катарына кошулган.