БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Владимир Путин Россиянын бийлиги Скрипаль чырына шектелгендердин тек-жайын биле турганын айтып чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз аларды таптык, ким экенин билебиз. Жакында өздөрү окуянын чоо-жайын айтып берет деп үмүт артам. Алар жай тургундар", — деп Путин Владивостокто өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумунда айткан.
4-мартта Солсбери аймагында Башкы чалгындоо башкармалыгынын мурдагы полковниги, Британиянын атайын кызматы менен иштешкен Сергей Скрипаль менен кызы Юлия ууландырылган. Расмий Лондон бул иштин артында Москва турганын айтып, каршылык катары РФтин дипломаттарын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Москва мындай айыптоолорду четке кагып, биргеликте иликтөө жүргүзүүнү сунуштаган, бирок Лондон буга макул болгон эмес.