Кыргыз кийимдери National Geographic сүрөтчүсүнүн объективинде

Крис Рейнир алдыңкы фотографтардын бири. Анын сүрөттөрү дүйнө музейлеринде көрсөтүлүп келет.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. National Geographic журналынын канадалык фотографы Крис Рейнир Ысык-Көл облусунда кыргыз улуттук кийимдерин сүрөткө тартып жүрөт. Бул тууралуу "Кийиз дүйнө" коомдук фонду маалымдады.

1 / 2
National Geographic журналынын канадалык фотографы Крис Рейнир Ысык-Көл облусунда кыргыз улуттук кийимдерин сүрөткө тартып жүрөт.
2 / 2
Фотограф Кыргызстанга биринчи жолу келип отурат. Ал кыргыздардын маданиятын көрсөтүш үчүн эмгектерин дүйнөгө жайылтууга камынып жатат.

"Кыргызстанга келүү идеясы мурда эле жаралган. Себеби кыргыздар тарыхын, маданиятын жана салтын сактаган эл. Ошон үчүн келдим. Алгач кандай болот болду экен деп аябай толкундангам. Бирок биринчи күнү эле мен күткөндөн да укмуш болду, улуттук кийимдердин мынчалык сакталганына аябай таң бердим", — деди Крис Рейнер.

Фотограф Кыргызстанга биринчи жолу келип отурат. Ал кыргыздардын маданиятын көрсөтүш үчүн эмгектерин дүйнөгө жайылтууга камынып жатат.

Крис Рейнир илимий журналдын эң алдыңкы даректүү фотографтарынын бири. Ал негизинен жаратылыш менен элдин түпкү маданиятын кадрга түшүрүп, эмгектери дүйнө музейлеринде көрсөтүлүп келет.