Чүй: жол инспекторлору мектептердин жанында нөөмөттө турат

Милиция кызматкерлери жакын жерде мектеп жайгашкандыгы үчүн коюлган ылдамдыкты азайтуу белгисине баш ийбеген айдоочуларга чара көрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Чүй облусунда окуу жылынын башынан аягына чейин трасса жээгинде жайгашкан мектептердин жанында жол инспекторлору нөөмөттө турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коомсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

1 / 3
Чүй облусунда окуу жылынын башынан аягына чейин трасса жээгинде жайгашкан мектептердин жанында жол инспекторлору нөөмөттө турат
2 / 3
Бул мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн жасалып жаткан иш-чара
3 / 3
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жакын жерде мектеп жайгашкандыгы үчүн коюлган ылдамдыкты азайтуу белгисине баш ийбеген айдоочуларга чара көрөт.

Бул мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн жасалып жаткан иш-чара.

"Инспекторлор мектеп жана балдар бакчаларынын жанында эртең менен жана түштө турушат. Алар негизинен жөө адамдардын коопсуздугун камсыздашат ", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жакын жерде мектеп жайгашкандыгы үчүн коюлган ылдамдыкты азайтуу белгисине баш ийбеген айдоочуларга чара көрөт.