Оштун мэри эртең менен эрте шаарды жөө кыдырып текшерди. Сүрөт

Калаа башчысы кейпи кеткен аялдамаларды жаңылоо керектигин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов 11-сентябрь күнү эртең менен эрте шаар ичин жөө кыдырып текшерүүгө алды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

1 / 4
Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов 11-сентябрь күнү эртең менен эрте шаар ичин жөө кыдырып текшерүүгө алды
2 / 4
Калаа башчы негизинен көчөлөрдүн тазалыгына, мыйзамсыз курулуштар менен тротуарда жайгашкан күркөлөргө көңүл бурган
3 / 4
Мэр менен кошо жүргөн шаардык органдардын, ишканалар менен кызматтардын өкүлдөрүнө жеринде тапшырма берилген
4 / 4
Рейддин алкагында Сарыбашов Түштүк-Чыгыш кичи районунун көчөлөрүн, Ак-Буура аймактык кеңешинин бир бөлүгүн кыдырган.

Калаа башчы негизинен көчөлөрдүн тазалыгына, мыйзамсыз курулуштар менен тротуарда жайгашкан күркөлөргө көңүл бурган. Мэр менен кошо жүргөн шаардык органдардын, ишканалар менен кызматтардын өкүлдөрүнө жеринде тапшырма берилген.

Рейддин алкагында Сарыбашов Түштүк-Чыгыш кичи районунун көчөлөрүн, Ак-Буура аймактык кеңешинин бир бөлүгүн кыдырган.

"Мэр тийиштүү кызматтын өкүлдөрүнө аялдамалардын маңдайкы бетин оңдоо жана керек болгон жерлерге жаңысын орнотуу боюнча сунуш берүүнү тапшырды. Мындан тышкары, көрнөк жарнактардын эрежелерге төп келишин көзөмөлгө алууну буйруду", — деп айтылат маалыматта.

Ош шаарында коомдук транспорт үчүн жалпысынан 127 аялдама бар. Алардын 59у заманбап болсо, 68и Советтер Союзу учурунда орнотулган. Мэриянын атайын кызматтарынын мониторингине ылайык, Ошко дагы 29 аялдама керек.