Радио

Ракыбаева: 15-сентябрда республика боюнча ишембилик өтөт

Эко-Деми коомдук фондунун ыктыярчысы Бермет Ракыбаева ар бир кыргызстандык таштандылар менен күрөшпөсө өлкө экологиясы кооптуу абалга кептелерин айтты.
Sputnik
Ракыбаева: 15-сентябрда республика боюнча ишембилик өтөт

15-сентябрда республика боюнча ишембилик өтөт. Ага калоочулардын бардыгы келип катышса болот. Бул тууралуу Бермет Ракыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай ишембиликтер буга чейин аймактарга бөлүнүп өткөрүлүп келген. Ал эми республикалык масштабда алгачкы жолу уюштурулуууда.

"Жергиликтүү калк таштанды көп жерлердин сүрөттөрүн биздин байланыш телефондорго, интернет баракчаларга жиберишет. Ошого жараша ыктыярчыларга аймактар бөлүнүп берилет. Таштандылардын баарын бир мүшөккө эмес, түрүнө жараша өз өзүнчө топтойбуз. 15-сентябрда да ушундай ишембилик уюштуруп жатабыз. Республика боюнча ыктыярчылар өз айылындагы, шаарындагы таштандыларды тазалашат. Биздин негизги максат — акцияны такай өткөрүү", — деди Ракыбаева.

Ал ошондой эле элди тазалыкка тарбиялоо үчүн адам өзүнөн башташы керектигин кошумчалады.