Видеодон кыздын оң колу жок экендигин, анын ордуна ийинине бекитилген жасалма темир колду пайдаланып музыкалык аспапта ойноп жаткандыгын көрүүгө болот.
Бул видео социалдык тармакта ылдамдык менен таралып, 17 миллиондон ашык киши көргөн.
The Kid Should See This басылмасынын айтымына караганда, каармандын ысымы — Манами Ито.
Ал музыка менен эле эмес, сууда сүзүү менен да алектенет. Манами Ито 2008-жылы Пекинде, 2012-жылы Лондондо болгон Паралимпиадалык оюндарга да катышкан.