Түштүк Африкага кар жаап, пил менен акыралардын айласын кетирүүдө. Видео

Аймакка акыркы 10 жылдан бери биринчи ирет кар жаады.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Өткөн дем алыш күндөрү Түштүк Африка Республикасына күтүүсүз калың кар түшкөнүн жергиликтүү Capetownetc.com сайты жазды. 

Маалыматка ылайык, табияттын мындай кубулушуна континенттин түштүгүндө жайгашкан Sneeuberg Nature Reserve коругунун жаныбарлары туш болгон. Социалдык тармакта кар баскан бак-дарактын фонунда акыралар менен пилдердин жүргөнүн көрүүгө болот.

Кар бул жерге акыркы 10 жылдан бери биринчи жолу жааган. Анын кесепетинен бир нече ашуу жабылганы айтылды.

Айрым жерде кадын калыңдыгы 10 сантиметрге чейин жеткен. 

Синоптиктер суук Африкага Европадан келиши мүмкүндүгүн болжолдошууда.